Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №28

 

“Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасына

акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун жана “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Жакыповдун билдирүүлөрүнө негиз, “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын муниципалдык менчиктеги соц.объектилердин, жеке секторлордун катуу турмуш тиричилик калдыктарын (КТК) жөнүндө ишин карап чыгып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  30.05.2023-жылы Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын № 1 –Токтомуна негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы айылдардагы таштандыларды ташып чыгарууга, тазалык үчүн ар бир кожолукка 100 сомдон деп бекитилген акча каражатынан сырткары, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 300.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушка түшүрүүнү жакшыртуу максатында, аткарылуучу жумуштардын сметасын даярдоо жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жана “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Жакыповго милдеттендирилсин.

3.   Таштандыны ташып чыгаруу жана көмүү  үчүн каражаттарды чогултуу жана келишимдер түзүлсүн.

4.   Токтомду аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов