Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

 

 

2025-жылдын 10-марты  №45                                                   

 

 

Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы №14 бала бакча жаӊы ачылып жаткандыгына байланыштуу, тиешелүү чечимдерди чыгарууга  макулдук берүү жѳнүндѳ

 

 

        Комсомол айылындагы №14 бала бакчанын милдетин аткаруучу А.Шаршееванын арызы боюнча, №14 бала бакча жаӊы ачылып жаткандыгына байланыштуу, тиешелүү чечимдерди чыгарууга макулдук берүү боюнчаАк-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушун угуп,талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

                                                                                  

1.     Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Комсомол айылындагы №14 бала бакча жаӊы ачылып жаткандыгына байланыштуу, тиешелүү чечимдерди чыгарууга  макулдук берилсин.

    2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   

      ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  ѳзүмѳ калтырам.

Төрага                                                                                                    С. Эркинбек уулу