Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2025-жылдын 10-марты  №48                                                                    

 

Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу

Ала-Баш айылындагы орто оӊдоо иштери каралгандыктан 3 чакырым аралыкка кум-шагыл аралашмасын тѳшѳѳгѳ карьер кылуу үчүн жер аянтын бѳлүп берүүгѳ уруксаат берүү жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын филиалы №33 жол тейлѳѳ ишканасынын катынын негизинде Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” №123 мыйзамынын 27-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” мыйзамынын жана 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын 18-19-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын сунушун угуп,талкуулап  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1.     Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылындагы орто оӊдоо иштери каралгандыктан 3 чакырым аралыкка кум-шагыл аралашмасын тѳшѳѳгѳкарьер уюштуруу үчүн уруксаат берилсин.

    2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   

      ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  ѳзүмѳ калтырам.

Төрага                                                                                                    С. Эркинбек уулу