Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2025-жылдын 10-марты  №49

                                     

 

 Ак-Терек айыл аймагынын мал башына алынуучу жайыт акысынын тарифтери, сырттан эрте кѳчүп келген чабандарга (штраф) айып пулдун суммасы, чабандарга тѳлѳнүүчү

мал акылары жана кѳчүп келүү, кѳчүп кетүү убактысы  жѳнүндѳ

 

      Ак-Терек айыл аймагынын  мал башына алынуучу жайыт акысынын тарифтери, сырттан эрте кѳчүп келген чабандарга (штраф) айып пулдун суммасы, чабандарга тѳлѳнүүчү мал акылары жана кѳчүп келүү, кѳчүп кетүү убактысынбекитүү боюнчаАк-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсү угулуп, талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Терек айыл аймагынын  малчыларга мал кошуунун баалары тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин:

- Жакынкы жайытка  кой – 80 (сексен) сом;

- Жакынкы жайытка  бодо мал – 500 (беш жүз) сом;

- Сырткы жайытка кой – 80 (сексен) сом;

- Сырткы жайытка бодо мал – 500 (беш жүз) сом;

- Жакынкы жайытка эчки – 100 (жүз) сом;

- Сырткы жайытка эчки – 100 (жүз) сом.

 

2. Ак-Терек айыл аймагынын  жакынкы жайытка кѳчүп кетүү күнү 1-июнь жана жакынкы жайытка кѳчүп келүү күнү 10-сентябрь белгиленсин.

 

3. Ак-Терек айыл аймагынын  алыскы жайытка кѳчүп кетүү күнү 10-июнь жана алыскы жайытка кѳчүп келүү күнү 20-сентябрь белгиленсин.

1.     Ак-Терек айыл аймагындагы сырттан эрте кѳчүп келген чабандарга  (штраф) айып пулдун суммасы 50 000 (элүү миң) сом болуп белгиленсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Айтказы уулуна милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                    С. Эркинбек уулу