Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2025-жылдын 10-марты  №51                             

 

 

Ак-Терек айыл аймагынын  жайыт акыларын төлөө  жөнүндө

 

 

          Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттарынын сунушун  угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын  жайыт акыларын бекитүү максатында Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

                                                                                  

1. Ак-Терек айыл аймагында жайыт акысы үчүн төлөм  төмөндөгүдөй болуп  бекитилсин:

-       майда мал жандыктар ар бир башына (кой, эчки) - 20 (жыйырма) сом;

-       бодо малдарга (уй, жылкы) – 60 (алтымыш) сом;

-       топоз - 400 (тѳрт жүз) сом;

-       башка аймактан алынып келип багылган бодо малдарга (уй, жылкы)-120 (жүз жыйырма) сом;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                    С. Эркинбек уулу