Редакцияот 25.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын VI-кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 25-июлу № 11/1

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Ф.Омуралиеванын 20.07.2022-жылдагы Чыгыш №02-10/1679 сандуу катын кароо жөнүндө

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Ф.Омуралиеванын 20.07.2022-жылдагы Чыгыш №02-10/1679 сандуу катын карап, айылдык кеӊештин инвестиция тартуу, бюджет, мандат жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мектеп директору Р.Баялиеванын ишмердүүлугүн боюнча корутундусун эске алып, депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенешинин VI-кезексиз сессиясы, токтом кылат:

1. Жаны-Арык айыл аймагындагы Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин директору, Жаны-Арык айылдык кенешинин депутаты Р.Баялиевага мектептин директору жумушунан бошотулууга айылдык кенеш тарабынан макулдук берилбегендиги белгиленсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым:

М. Акматалиева