Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 4-апрели №6-3
Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти
муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибинин 11-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде коомдук транспорт системасын жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин;
2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тиешелүү укуктук жана уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын;
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У. Мелис уулу |