Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-июну № 5

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын Ак-Колот айылындагы № 913 контурдагы 1,40 га же аянтын мамлекеттик менчикке алуу жѳнүндѳ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 11 бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Ак-Колот айылындагы № 913 контурундагы 1,40 га жер аянты мектеп куруу үчүн мамлекеттик менчике алууга макулдук берилсин

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев