Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-июну № 7

 

Отуз-Адыр айыл аймагынынын Кыш-Абад айылындагы “Абай-Нур “бала бакчасына кошумча тайпа кошуу жѳнүндѳ

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынынын Кыш-Абад айылындагы “Абай-Нур” бала бакчасына кошумча тайпа кошу үчүн Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2024-2025 –ж.ж жаңы окуу жылына карата 2024-жылдын 1-июнунан 1 тайпа (30 бала) ачылсын. Тамак –ашына бериле турган суммага 30 балага кошуп, жалпы баланын саны 120 балага берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (И.Сансызбаев)

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Аматов)

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев