Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-июну № 8

 

Жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүк

жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ

 

 

Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасынын № 326 контурунда жайгашкан 4,60 га жайыт жерлерин ѳндүрүштүк багытта пайдалануу максатында, ”Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 28-майындагы №01-2-891 чыгыш саны менен берилген корутундусунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасынын № 326 контурунда жайгашкан 4,60 га контурунда жайгашкан жайыт жерлери категориясындагы жалпы аянты 4,60 га жер аянтын ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максаттарга пайдалануунун категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин

негизинде 4,60 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев