Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-июну № 10

 

“Тажибай ата “бала бакчасына керетелүүчү каражаттарды демөөрчүлөр эсебинен берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынынын Курбан-Кара айылындагы “Тажибай ата “ бала бакчасына кошумча тайпа кошу үчүн Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.”Тажибай ата” бала бакчасына кошумча тайпа ачуу үчүн Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ бюджет тарабынан колдоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан керектелүүчү каражаттарды демѳѳрчүлѳрдүн эсебинен аткарууга “Тажибай ата” М.Ч.Б.Б.Унун директору А.Моголовага жүктѳөгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Аматов)

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев