Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз V сессиясы

 

2024-жылдын 9-сентябры № 2

 

Жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүк

жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ

 

 

Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Ак-Жар участкасынын №,344 контурунда жайгашкан 4,50 га, №38, №41, №49 контурларда жайгашкан 6,0 га жайыт жерлерин ѳндүрүштүк багытта пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасындагы №,344 контурларда жайгашкан 4,50 га, №38, №41, №49 контурларда жайгашкан 6,0 га жайыт жайыт жерлери категориясындагы жалпы аянты 10,50 га жер аянтын ѳндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максаттарга пайдалануунун категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин

негизинде 10,5,0 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)

 

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев