Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз V сессиясы

 

2024-жылдын 9-сентябры № 6

 

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34- беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Чоок, Жаны Кызыл-Суу айылдарындагы № 182 контурундагы 0,22 га жана №255 контурундагы 0,15 га мурдагы курулуштардын орду болгон жалпы 0,37га жер аянты Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алуусуна макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Э.Эшиев)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)

 

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев