Редакцияот 02.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 2-декабры № 9

 

Отуз-Адыр айыл аймагындагы жер участогун бекитип берүү тууралуу туруктуу жер комиссиясынын курамын түзүү жɵнүндɵ

 

 

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Мыйзамынын 8-9 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобонун 31- беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши

Токтом кылат:

1. Жеке турак үйдүн курулушу үчүн укук белгилѳѳчү документтери жок жарандарга жер участогун бекитип берүү тууралуу туруктуу жер комиссиясынын курамы тɵмɵндɵгүдɵй курамда түзүүгɵ макулдук берилсин.

Комиссия курамы:

1.1 Комиссиянын тѳрагасы - Эркин Эшиев –Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн орун басар-жооптуу катчысы

1.2 Комиссиянын катчысы - Токтомамат уулу Асан - Башкы адис

Комиссиянын мүчѳлѳрү:

1.3 Данияр Атанов –айылдык кенештин тɵрагасы

1.4 Асабидин Мурзаев- айылдык кеӊештин тɵрагасынын орун басары

1.5 Зайнабидин Реджапов- Жер маселелери боюнча башкы адиси

1.6 Нурбек Жусупов- Жергиликтүү кеңештин депутаты - жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын тɵрагасы

1.7 Айыл башчылар

1.8 Жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты (макулдугу негизинде)

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. ( Э.Ч.Эшиев )

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵнү ɵзүмɵ калтырамын

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

Д.Атанов