Редакцияот 02.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 2-декабры № 14

 

Жер аянттарын айыл чарба жерлер категориясынан ѳндүрүштүк

жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ

 

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот (Тойчу) айылындагы № 913 контурундагы 1,40 га сугат жер аянтын социалдык обьект куруу максатында ”Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 05-июнундагы № 01-2-942 чыгыш саны менен берилген корутундусунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Колот (Тойчу) айылындагы № 913 контурундагы 1,40 га сугат жер аянтын мектеп куруу үчүн айыл чарба багытынан социалдык обьект калктуу конуш багытына которууга (тарнсформациялоо) макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

Д.Атанов