Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXV сессиясынын

 

2024-жыл 19-апрелиндеги №1

 

Сайдыкум айыл аймагынын админстративдик чек арасынын

схемалык картасын кароо боюнча

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Сайдыкум айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Сайдыкум айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.              Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасына жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.              Бул токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов