Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXV сессиясынын

 

2024-жыл 19-апрелиндеги №3

 

Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры №571-токтому менен жактырылган Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде, Кызыл-Ай айылынын тургуну Ө.Алымкуловдун арызын канаттандыруу максатында, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин, муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жерге элге кызмат көрсөтүү үчүн дан тоюттарын элге камсыздоо жана чач тарач салууга, жумуш орундарын түзүүгө, жер тилкесин тийиштүү документтеринин негизинде, пайдаланууга берүү үчүн, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчиктеги жерди ижаралоо жана сатуу боюнча комиссиясына сунушталсын.

2.    Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин, дан тоюттарын элге камсыздоо жана чач тарач салууга сунушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры №571-токтому менен жактырылган Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык, конкурс аркылуу долбоордук сметалык документтердин негизинде, конкурска катышуучуларга жарыя берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов