Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXV сессиясынын

 

2024-жыл 19-апрелиндеги №5

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук жана, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилген жерлеринен түшкөн кошумча кирешени 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-Токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу жобонун тартибине ылайык өткөрүлгөн торуктун жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризациялоо жыйынтыгынын негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Атабекованын билдирүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-Токтому менен жактырылган айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобого ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба багытындагы жерлерге өткөрүлгөн аукциондун, конкурстун жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, түшкөн ижара акылары Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча киреше катары бекитилсин.

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризациялоодо такталган ашыкча чыккан жерлер Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлеккеттик менчиктеги айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынан тышкары жана талап болбогон инвестиция талап кылган жер аянттарын, ушул күнгө чейин пайдаланып жүргөн жарандар менен түзүлгөн келишимдин негизинде түшкөн ижара акылары, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча киреше катары бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-Токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобонун негизде, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижарачы менен жазуу түрүндө түзүлгөн келишимдин талаптарын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов