Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жыл 30-апрелиндеги №1

 

Сайдыкум айыл аймагындагы ички ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтү, ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайланауучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайланауучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.

2.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошов:

1)    “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайланауучулар ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулуштар түрүндөгү мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу актысын түзүү;

2)    “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулуштарды өткөрүү келишимин түзүп, аны малекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоо кызматында каттоодон өткөрүүнү жүргүзүү;

3)    Ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү милдеттендирилсин.

3.    Ушул Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2024-жылдын №1-токтому Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов