САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №2
Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык, Сайдыкум айыл өмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Сайдыкум айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизиүү менен бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3. Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №2 токтомун Жалал-Абад облустук юстициянын башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин “Жергиликтүү туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
2024-жылдын 30-апрелиндеги
№2-токтомуна 1-тиркеме
Төрага Э.И.Досов
Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин ТИЗМЕГИ
№ | Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы
| Аткаруу үчүн жооптуу жак |
1. Кызматтар
| ||
1.1 | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучулар ассоциациясы (келишим боюнча) |
2. Функциялар | ||
2.1 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2 | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.3 | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.4 | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтү Жергиликтүү кеңеш |
2.5 | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6 | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан админстративдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиясынын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтү Жергиликтүү кеңеш |
2.7 | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтү Жергиликтүү кеңеш |
2.8 | Айылдын аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтү Жергиликтүү кеңеш |
3. Милдеттенмелер | ||
3.1 | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтү |
3.2 | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтү |
3.3 | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | Айыл өкмөтү Жергиликтүү кеңеш |
3.4 | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтү |