Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жыл 30-апрелиндеги №7

 

Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылына көрүстөнгө

жер ажыратуу жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы маркумдарды жерге коюучу көрүстөндүн толуп бара жаткандыгы жөнүндө, Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты Т.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы маркумдарды жерге коюучу көрүстөндүн толуп бара жаткандыгына байланыштуу, көрүстөн үчүн жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин Мыйзамынын 15-беренесинин 84 пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 7-беренесине ылайык, иш алып баруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

2.    Даярдалган иш кагаздардын негизинде, Базар-Коргон мамлекеттик администрацияна Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө комиссиясына сунушталсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов