Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жыл 30-апрелиндеги №9

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин

киреше, чыгаша бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин салык жыйым түрү боюнча киреше, чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетинин салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүнүн II кварталынын 1-тиркемеге ылайык кыскартуу жагы Базар-Коргон финансы башкармалыгына сунушталсын.

2.    Кемитилген пландан келип чыккан сумманы тактап, үнөмдөлгөн беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сайдыкум айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме 1

БЕКИТЕМИН

Сайдыкум айылдык Кеңешинин

төрагасы____________ Э.И.Досов

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын

кезексиз XXVI  сессиясынын

№9 токтому

2024-жыл 30-апрель

 

2024-жылдын бекитилген бюджетине салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүн II кварталынан азайтуу боюнча.

 

 

К

№

Киреше классификациясы

Кирешелердин аталышы

Суммасы

1

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

650000

2

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы

97500

 

 

Жалпысы

747500