Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXVII сессиясынын

 

2024-жыл 31-июлундагы №10

 

Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан

С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин

муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө

 

Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүнүн (жолдун) түндүк-батыш тарабында жайгашкан ирригациялык курулмалар менен чектешип турган муниципалдык жер тилкелеринин аралыктарын аныктоо жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII кезектеги XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы №606, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №307, 2022-жылдын 29-июлундагы №403-токтомдорунун редакцияларына ылайык, ирригациялык курулмалар менен чектешип турган бош жаткан жер тилкелеринин аралыктары 4 (төрт) метр өлчөмдө белгиленсин.

2.    Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов