Редакцияот 21.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз XXVIII сессиясынын

 

2024-жыл 21-августундагы №1

 

Сайдыкум айыл аймагындагы ирригациялык курулмаларды

УОСко өткөрүү жөнүндө

 

Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 19-август №01-6/128 чыгыш сандуу катка негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы “Мырза-Суу” жана “Алмаз-Суу” СПАларынын карамагындагы ички чарбалык каналдарын жана тийиштүү каражаттарын КРМКнын №207 токтому боюнча Базар-Коргон райондук комиссиясынын тактоо актысынын негизинде, Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы, токтом кылат: 

 

1.     Сайдыкум айыл аймагындагы “Мырза-Суу” жана “Алмаз-Суу” Суу пайдалануучулар ассоцияларын (СПА) Базар-Коргон райондук Суу чарба башкармалыгына (УОСтун) балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин. 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

 

 

А.Ж. Маматсаева