Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылышынын

кезектеги VI сессиясынын

 

2025-жыл 14-февралы №6/1

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылга жергиликтүү бюджетин

жана 2026-2027ж.ж. болжолун (прогноз) бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылга жергиликтүү бюджети жана 2026-2027 жылдарга болжолунун (прогноз) долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 05.02.2025 жылдагы кеңешмесинде каралганы жөнүндө белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 36958,8 миң (Отуз алты миллион тогуз жүз элүү сегиз миң сегиз жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 26611,0 миң (Жыйырма алты миллион алты жүз он бир миң) сом, теңдөөчү грант 10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом, 2026 жылга болжолу 39113,4 миң (Отуз тогуз миллион бир жүз он үч миң төрт жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 28765,6 миң (Жыйырма сегиз миллион жети жүз алтымыш беш миң алты жүз) сом, теңдөөчү грант 10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом, 2027 жылга болжолу 41828,7 миң (Кырк бир миллион сегиз жүз жыйырма сегиз миң жети жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 31480,9 миң (Отуз бир миллион төрт жүз сексен миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом №1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин. (Тиркеме № 1, 2 тиркелет)

2. Салык агентинен кармалуучу киреше салыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине кайчы пикир билдирүү жагы Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3. Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылдагы жергиликтүү кирешелер 26611,0 миң (Жыйырма алты миллион алты жүз он бир миң) сомду түзүп, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 5210,0 миң (Беш миллион эки жүз он миң) сом бекитилсин.

4. Республикалык бюджеттен түшүүчү 10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом теңдөөчү грант бекитилсин.

5. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025 жылдын 1-январына калдык бюджеттик каражат 138,6 миң (Бир жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жергилитүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтүү бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 2% чегинде резервдик фонд 600,0 миң сом шаардын мэринин эсебине бекитилсин.

7. 2025 жылга бюджеттик каражаттардын чыгымдары 31748,8 миң (отуз бир миллион жети жүз кырк сегиз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

8. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына жалпысынан 13673,8 миң (Он үч миллион алты жүз жетимиш үч миң сегиз жүз) сом бекитилсин.

2721 - Калкка соц.жардам берүү боюнча жөлөк пул 515,2 миң (Беш жүз он беш миң эки жүз) сом бекитилсин.

9. Көк-Жаңгак шаардык кеңешке жалпысынан 1304,1 миң ( Бир миллион үч жүз төрт миң бир жүз) сом бекитилсин.

10. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 6388,7 миң (Алты милион төрт жүз сексен сегиз миң жети жүз) сом бекитилсин.

11. Шаардык маданият кызматына жалпысынан 4864,9 мин (Төрт миллион сегиз жүз алтымыш үч миң тогуз жүз) сом бекитилсин анын ичинен:

- шаардык китепкана – 2812,2 миң сом;

- маданият үйү –1634,2 миң сом;

- аппарат маданият – 418,5 миң сом.

12. Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 5002,1 миң (Беш миллион эки миң бир жүз) сом бекитилсин анын ичинен:

- бала бакчаларга – 2426,0 миң сом;

- мектептерге - 2027,0 миң сом;

- балдар чыгармачылык борборуна – 59,8 миң сом;

- билим берүү аппаратына – 65,6 миң сом;

- борборлоштурулган бухгалтерия - 423,7 миң сом.

13. 2025 жылдын 01-январына калган 138,6 (Бир жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом калдыгынын эсебинен төмөнкү ишканаларга бөлүнүп берилсин:

- шаардык мэриянын электр-энергия боюнча актысына - 82,0 миң сом;

- “Барчын” эс алуу борборун калыбына келтирүүгө – 56,6 миң сом;

14. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.

15. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.

16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.

17. Бул токтом расмий жарыяланып, 2025 жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кѳк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

Исмаилов Б.М.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№1 тиркеме

 

Бекитилди

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

2025-жылдын 14-февралындагы

VI-сессиясынын 6/1 токтому менен

___________________Б.Исмаилов

 

 

Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга кирешелери жана

2026-2027 жылдарга долбоору

 

Элемент (8)

Жергиликтүү бюджет

Киреше булактарынын аталышы 

2025-жыл

2026-жыл

2027-жыл

1

2

3

4

5

 

Жалпы кирешелер, трансферттер менен

26611,0

28765,6

31480,9

 

Кирешелер+активдер ж/а милдеттенмелер (жерлерди сатуу)

26 611,0

28 765,6

31 480,9

1

Кирешелер

26 611,0

28 765,6

31 480,9

11

Салыктык кирешелер

20 317,0

22 471,6

25 186,9

11111100

Салык агенти толоочу киреше салыгы

18 414,0

20 568,6

23 283,9

11122300

Патенттин негизинде салык

50,0

50,0

50,0

11311200

2-топтогу ишкердик иши учун пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

100,0

100,0

100,0

11312200

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

820,0

820,0

820,0

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

650,0

650,0

650,0

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы

50,0

50,0

50,0

11321300

Чарбалык эмес жерлерден алынуучу жер салыгы

225,0

225,0

225,0

11462

Роялти

8,0

8,0

8,0

14

Салык эмес кирешелер

6 294,0

6 294,0

6 294,0

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым

200,0

200,0

200,0

14152100

Жер ижарасы үчүн акы

600,0

600,0

600,0

14152600

Жайыт ижарасы үчүн акы (ФПЗ)

80,0

80,0

80,0

14211200

Имараттардын жана курулуштардын ижарасынан түшкөн төлөм

204,0

204,0

204,0

1423

Атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер

5 210,0

5 210,0

5 210,0

 

Теңдөчүү трансферт

10 347,8

10 347,8

10 347,8

 

Жалпысы

36 958,8

39 113,4

41 828,7

 

а.и. Бюджеттик каражат

31 748,8

33 903,4

36 618,7

 

Атайын каражат

5 210,0

5 210,0

5 210,0

 

 

Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак

финансы башкармалыгынын начальниги: К.Маткаримов