Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 27-январы №1

 

Базар-Коргон шаарында мүлк салыгынын 1-Зоналык салык ставкасын бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 388-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин биринчи орун басары Ө.М. Мурзаевдин 22.01.2025-жылкы чыгыш №02-9/148 сандуу катына, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты А.Жалиловдун оозеки сунушуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаарына Салык кодексине өзгөртүү киргендигине байланыштуу турак-жай имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн, 1-Зона салык ставкасы 1 квадрат метрине 45 сомго бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин биринчи орун басары Ө.М. Мурзаевге жана мэриянын киреше бөлүмүнүн башчысы К.Тажибаевге жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

 

К.К. Анарбеков