Редакцияот 12.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезексиз 4-сессиясы

 

2025-жылдын 12-февралы № 4-3

Ош-Раззаков авто жолун ремонттоодогу чыгарылган таштандыларды төгүүчү жана шагал алынуучу жайларга макулдук берүү жөнүндө

Он Эки Бел айылындагы № 979 контурундагы сайга, таштанды полигонунун жолуна №263, 262 контурунда жана Жийде айылынын үлүш жолуна № 1759-1713 контурда жайгашкан Ош-Раззаков авто жолунун кырылган асфальт калдыктарын (отвал)  төгүүгө жана шагал төшөө үчүн (трамбовка) шагал карьерине, Жийде айылынын №1330-1261 контурунан, Абшыр-Сай көпүрөөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан суу чогулуучу жайдан (дамбанын ичи) алууга макулдук берүү максатында, “Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

                                                            

 

       1. Он Эки Бел айылындагы № 979 контурундагы сайга, таштанды полигонунун жолуна №263, 262 контурунда жана Жийде айылынын үлүш жолуна № 1759-1713 контурда жайгашкан Ош-Раззаков авто жолунун кырылган асфальт калдыктарын (отвал) төгүүгө макулдук берилсин.   

      2. Шагал төшөө үчүн (трамбовка) шагал карьерине, Жийде айылынын №1330-1261 контурунан, Абшыр-Сай көпүрөөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан суу чогулуучу жайдан (дамбанын ичи) алууга макулдук берилсин.

      3.Тиешелүү мекеме-ишканалардан корутунду алуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Р. Арапов