Редакцияот 06.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезектеги 5-сессиясы

 

2025-жылдын 06-марты № 5-7

Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна өзгөртүүлөр болгондуктан 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун 9-пунктундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамга негиз, «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти:

К-барабар коэффициент 10-сугаруунун жоктугу=4130 сом

К-барабар коэффициент 20-сугаруунун жоктугу=8260 сом

К-барабар коэффициент 30-чындыгында сугарылган жер =12390 сом деп белгиленсин.

Кайрак жерлер коэффициент К-30 өлчөмүндө

Суулуу жерлер коэфицциент К10-30 өлчөмүндө

Бак,чөп жайлар коэфициент К 30 өлчөмүндө белгиленип эсептелсин.

 

2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу Көк-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Р. Арапов