Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын

кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №I-1

Гулистан айылдык кеңешини төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын отурумунун № 2- протоколун бекитүү жөнүндө

Гулистан айылдык кеңешинин төргасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын отурумунун № 2 –протоколун карап чыгып Гулистан айыл кеңешинин (VIII-шайланган) 1-сессиясы токтом кылат:

 

 

 

1. Гулистан айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын отурумунун № 2-протоколу бекитилсин. (Протокол тиркелет)

 

2. Гулистан айыл кеңешинин төрагасы болуп Мирзакулов Умаржон Мамиржонович шайлансын.

Мирзакулов Умаржон Мамиржонович - 1967-жылы туулган, маалыматы жогорку, 1993-жылы Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба Институтунун зооинженерия факультетин бүтүргөн. Үй булөлү, мурдагы Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) төрагасы болуп 2021-жылдын май айынан баштап иштеген.

 

3. Гулистан айылдык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Эргашбоева Малохатхон, экинчи орун басары болуп Шаназаров Яхёбек шайлансын.

 

 

 

Сессиянын төрагасы:

                                       Д. Иминжанова

 

 

 

Гулистан айыл кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын отурумунун

№ 2  П Р О Т О К О Л У.

 

                      Отурумга  катышкандар: 

 

                                             Төрага-                      Ахмаджанова Махфуза

                                             Катчы-                        Дорипов Боходиржон

   Мүчөлөр:                   Эргашбоева Малохат

К Ү Н      Т А Р Т И Б И:

 

1.               Гулистан айыл кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.

Шайлоого  31 депутат катышып, добуш беришти. Урнаны ачканда 31 бюллетень чыкты.

Талапкер  Мирзакулов Умаржон Мамиржоновичти  жактап 31 добуш берилди.

 

Бардык талапкерлерге каршы 0 добуш.

 

Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясы

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

 

 

1.               Эсептөөнүн жыйынтыгы менен талапкер Мирзакулов Умаржон Мамиржонович  Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

2.  Ушул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинин сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы:                   Б. Дорипов  

        

        Катчысы:                                                            М. Ахмаджонова  

                               

        Мүчөсү:                                                            М. Эргашбоева