Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №I-2

Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган, 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү III Элдик Курултайга Гулистан айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 1-октябрындагы №2- чечимине негиз, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

 

1. Гулистан айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:00дө өткөрүлсүн.

 

2. Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).

 

3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет).

 

4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – Жумушчу топ) (№3-тиркеме тиркелет).

 

5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык, Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин. (№4-тиркеме тиркелет).

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам

 

 

 

Төрага

У. Мирзакулов

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VIII-шайланган) кезектеги 1-сессиясынын № 2 токтомуна

№ 1 тиркеме

Гулистан айыл аймагынан Жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы

 

№

Айылдардын аталышы

Калктын саны

Делегаттардын нормасы

1

Фрунзе

6988

44

2

Бостон

5381

33

3

Чоң-Кыштоо

306

2

4

Гулистан

6388

40

5

Беш-Коргон

4961

31

 

 

Жалпы саны:

 

24024

 

150

Гулистан айылдык

кеңешинин катчысы:

 

А. Абдураимов

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VIII-шайланган) кезектеги 1-сессиясынын № 2 токтомуна

№ 2 тиркеме

Гулистан айыл аймагындагы айылдарда Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги

№

Айылдардын аталышы

Өткөрүлө турган күнү жана убагы

Өткөрүлө турган орду

1

Фрунзе

4-декабрь 2024-ж.  саат 10:00

Гулистан айыл өкмөтүнүн кичи залы

2

Бостон

4-декабрь 2024-ж.  саат 12:30

 Р. Хожамов атындагы орто мектеби

3

Беш-Коргон

4-декабрь 2024-ж.  саат 15:00

“Чили-Сай” орто мектеби

4

Чоң-Кыштоо

5-декабрь 2024-ж.  саат 11:00

Чоң-Кыштоо айылы

Айылдын насаат үйү

5

Гулистан

5-декабрь 2024-ж.  саат 14:00

Гафур Гулям атындагы орто мектеби

Гулистан айылдык

кеңешинин катчысы:

 

А. Абдураимов

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VIII-шайланган) кезектеги 1-сессиясынын № 2 токтомуна

№ 3 тиркеме

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча

жумушчу тобунун курамы

 

1.    Мирзакулов Умаржон – Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу           топтун төрагасы

2.    Абдураимов Абдурахман – Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.

 

Мучөлөрү:

  1. Таштемиров Ахмаджан – Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы.
  2. Юсупов Лазизбек – “Чоң-Кыштоо” айылынын айыл башчысы.
  3. Кутиев Розали – “Беш-Коргон” айылынын айыл башчысы.
  4. Абдурасулов Махамадали – “Гулистан” айылынын айыл башчысы.

7.     Гафаров Шавкат – Гулистан айылдык кеңешинин депутаты