Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 10-январы  № 2

Үч-Дөбө-Алай айыл  өкмөтүнүн  2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 3651,8 миң сом жана атайын каражаттын   90,0 миң сом калган  калдык     акча    каражатын 2025-жылдын бюджетине   бекитип   берүү жөнүндө

 

Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 3651,8 миң сом жана атайын каражаттын  90,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү боюнча айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Турсуналы уулунун жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын  1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 3741,8 миң сом, ( анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 90,0 (миң сом) калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2.Айылдык кеңештин заседаниесинде талкууланган 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдын пайдаланылбай калган 3741,8 миң сом, ( анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 90,0 миң сом) калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевке, финансы эконмика бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго тапшырылсын.

Төрага:

А. Кудайбергенов