Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 30-январы  № 16

Үч-Төбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесине ылайык жана айылдык кеңештин Регламентинин  негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын №3 протоколун карап чыгып жана талкуулоонун  негизинде  Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Кудайбергенов Абазбек Төлөновичтин айылдык кеңештин төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арызы канааттандырылсын.

 

2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү Эсептөө комиссиясынын №3 протоколу бекитилсин.

 

3. Эсептөө комиссиясынын № 3 протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык көпчулүк добушка ээ болгон Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Турсунаалы уулу Нурсейит Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин  төрагасы болуп  шайланды деп эсептелинсин.

 

Орун басар:

Н.Ш. Балыева