Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 30-январы  № 17

Үч-Төбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин төрагасын орун басарын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 41-беренесине ылайык жана айылдык кеңештин Регламентинин  негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын №4 протоколун карап чыгып жана талкуулоонун  негизинде  Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Балыева Нургүл Шамуратовна айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулсун.

 

2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү Эсептөө комиссиясынын  № 4 протоколу бекитилсин.

 

3. Эсептөө комиссиясынын № 4 протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык көпчүлүк добушка ээ болгон Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Абжапар уулу Мирлан Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин  төрагасынын орун басары болуп  шайланды  деп эсептелинсин.

 

Төрага:

Н. Турсунаалы уулу