Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын

кезексиз 38-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы №17

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысынын сунуштарын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысынын сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:

 

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетинин акча каражаты төмөндөгүдөй болуп жылдырылып жумшоого макулдук берилсин.

- аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен 261,0 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 3111 беренесинен 1000,0 миң сом кыскартылып, ЖКХ бөлүмүнүн 2511 беренесине 1261,0 миң сом.

- ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренесинен 500,0 миң сом кыскартылып, ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине 500,0 миң сом.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

С. Мойдунов