Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 5-11

Көк-Жар айыл аймагында ээсиз катталган жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндө №21 Жарлыгына негиз мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

 

          Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №306 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагында ээсиз катталган жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндө №21 Жарлыгына негиз мыйзамдаштырып берүү максатында   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №306 сандуу катынын тиркемесиндеги ээсиз катталган (короо, сарай, дымкана, малкана), бирок турак-жай салып жашап жаткан жарандардын жер аянттары  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндө №21 Жарлыгына негиз мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №306 сандуу катынын тиркемесиндеги ээсиз катталган (короо, сарай, дымкана, малкана)  турак-жай салып жашап жаткан 85 (сексен беш) жарандын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана токтомду аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Р. Арапов