Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 5-13

Көк-Жар айыл аймагындагы социалдык объекттерди  күз-кыш айларына даярдоо үчүн 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө

 

          Көк-Жар айыл аймагындагы социалдык объекттерди  күз-кыш айларына даярдоо үчүн 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан бөлүп берүү максатында,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан мүмкүнчүлүктөргө карапКөк-Жар айыл аймагындагы социалдык объекттерди  күз-кыш айларына даярдоо үчүн  биринчи кезекте бөлүнүп берилсин.

 

2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Р. Арапов