Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2024-жылдын 31-июлу № 5-19

Көк-Жар айыл аймагындагы «Ак шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки

билим берүү мекемесине кошумча  10 сааттык 1  (бир) тайпа ачууга

макулдук берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине негиз  «Ак шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кошумча  10 сааттык 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берүү максатында Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча   туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ак шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча  10 сааттык 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар  айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы  Н.Бороновага жана тиешелүү мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилерине жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Р. Арапов