Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 12-январы  № 2

 Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө   

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 40180,7 (кырк  миллион бир жүз сексен миң жети  жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча  40180,7  (кырк миллион бир жүз сексен миң жети жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин  (тиркеме тиркелет).

2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, көмүр-отун сатып алуу) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аппаратына 12 штаттык бирдик каралсын анын ичинен  техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер  3 штат.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомунун 4-главасынын  17-пункутуна ылайык 5 (беш) келишим менен кызматкер каралсын.

5. Кашка-Суу айылдык кенешине 1 штаттык бирдик каралсын (айылдык кеңешинин жооптуу катчысы).

6. Клубдарга 15 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 5 штат.

7. Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.

8. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Б.И. Карыбеков