Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 12-январы  № 5

Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  “Кырчын” участкасынын №552-контурунан 4,48га жайыт, №553-контурунан 0,22га ыңгайсыз жер, №554-контурунан 0,52га жайыт, №555-контурунан 0,91га жайыт, №556-контурунан 0,80га жайыт, №557-контурунан 1,26 га жайыт, №558-контурунан 2,60 га жайыт, №559 контурунан 5,71 га жайыт,№563-контурунан 15,65га жайыт, №564-контурунан 0,96га, ыңгайсыз жер, №565-контурунан 15,42 га жайыт, №567-контурунан 1,47га жайыт  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын   жалпы 50,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо  түрүнө которууга  (трансформациялоого)    макулдук берилсин.

2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Карыбеков