Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 12-январы  № 8

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылынын жашоочуларынын кайрылуу катын кароо жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагына  караштуу Ачык-Суу айылынын жашоочуларынын кайрылуу катын карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы  “Мазар” участкасында жайгашкан  “Ак-Тилек” көчөсүндө башкы пландагы турак-жай куруу үчүн көрсөтүлгөн 0,15 га жер аянтынын багыты  мечит курууга  өзгөртүлүп, мечит куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлдөөнү Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Карыбеков