Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 12-январы  № 9

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык  айылына көмөкчү чордонун куруу үчүн жер аянтын убактылуу пайдаланууга чектеп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагына  караштуу Кабык  айылына  көмөкчү чордонун куруу үчүн жер аянтын убактылуу пайдаланууга чектеп берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылындагы  таза суу түтүгүнүн кошумча суу насосуна көмөкчү чордон куруу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн  25 (жыйырма беш) жылга убактылуу пайдаланууга алынган 0,25 га жер аянтынын ичинен 100м2 жер аянтын убактылуу пайдаланууга  чектеп берүүгө   макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.И. Карыбеков