Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 12-январы  № 10

Кашка-Суу айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы К.Мамараимовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамынын VII бөлүмүнүн 33-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма) миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Акча каражатын мыйзам чегинде  бөлүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.А.Жалиловко милдеттендирилсин.

3.Токтомдун     аткарылышын      көзөмөлгө     алуу  жагы  айылдык  кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Карыбеков