Редакцияот 12.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 12-январы  № 11

Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү “Кашка-Суу айыл аймагынын” муниципиалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү “Кашка-Суу айыл аймагынын” муниципиалдык ишканасына 7 (жети) штаттык бирдик (жетекчи, эсепчи, инженер, оператор, сантехник,  2 кароолчу) бекитилсин.

2.Бекитилген штаттын чегинде иш алып баруу  “Кашка-Суу айыл аймагынын” муниципиалдык ишканасынын башчысы Р.Бакировго милдеттендирилсин.

3.Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Карыбеков