Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 22/2

 

“2024-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө”

 

               Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовдун билдирүүсүнүн негизинде 2024-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин карап, талкуулап, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун жана Нариман айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын протоколунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нариман айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 109344,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 109344,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде атайын эсеп 31740,0 миң сом, жайыт комитети 400,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин. 2025- жылга бюджет долбоору 109571,8 миң сом, 2026-жылга 117387,8 миң сом бекитилсин.

 

2. Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын 43 штаты бекитилсин, анын ичинде 13 бирдик айыл башчы жана 4 бирдик тейлөөчү, 6 бирдик ВУС кызматкерлери бекитилсин.

 

3. Нариман айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин планда бекитилген жалпы суммасынын 1% бөлүгү резервдик фондко бекитилсин.

 

4. Нариман айыл аймагындагы тарбияланып жаткан бала-бакчалардагы балдардын 1 күндүк тамак ашы 48 сомго бекитилсин.

 

5. 2024-жылдын ичинде сметага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңештин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова