Редакцияот 09.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2025-жылдын 9-январы  № 9

Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу №3 УДТнүн тез жардам имаратын оңдоп түзөөдөн өткөрүү  жөнүндө

Кун тартибиндеги маселе  боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана №3- УДТнүн арызы жана айылдык Кеңешинин депутаттарын ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу №3 УДТнүн тез жардам имаратын оңдоп түзөөдөн өткөрүү   үчүн каражат карап берүү жагы Ош облусттук өнүктүрүү фондуна сунуш кылынсын.

2. Облусттук өнүктүрүү фондуна тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу жагы Чек-Абад айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абда айылдык Кеңешинин агрардык жана жер ресурстары боюнча комитеттери жана экномика, бюджет, инвестиция тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.А. Нуралиев