НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 22/10
“Нариман айыл аймагынын Алим-Төбө айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын № 90 контурунда жайгашкан 0,15 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Алим-Төбө айылынын №90 контурунда жайгашкан Таза-Суу скважина үчүн 0,15 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңештин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |