НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 22/12
“Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылында Ак-Буура чек ара заставасы ээлеп турган 2,0 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Нариман айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-августундагы №17/5 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32- беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылындагы Ак-Буура чек ара заставасы ээлеп турган 2,0 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңештин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |