Редакцияот 09.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2025-жылдын 9-январы  № 3

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансында турган Каррак арыгын Араван райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Каррак арыгы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансынан Араван райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү  боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айылдык Кеңешинин депутаттарын ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансында турган Каррак арыгы Араван райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.

2.Кун тартибиндеги каралган маселе боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн жер ресурстары,өсүмдүк өстүрүү жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси З Базарбаевге жүктөтүлсүн

3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абда айылдык Кеңешинин агрардык жана жер ресурстары боюнча комитетинин төрагасы С.Эралиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Б.А. Нуралиев