Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги

27-сессиясы

 

2024-жылдын 24-январы № 4

 

Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолун бузулуудан сактоо максатында көмүр ташыган оор жүк ташуучу автомашиналарды убактылуу токтотуу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолун жазгы аба-ырайынын жолдордун эзилип, бузулуудан сактоо максатында көмүр ташыган оор жүк ташуучу автомашиналарды убактылуу токтотуу жөнүндө. боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2024-жылдын жаз айларынын башында күн жылып, жерде нымдуулук пайда болгондугуна байланыштуу Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолун бузулуудан сактоо максатында көмүр ташыган оор жүк ташуучу автомашиналар эки айлык мөөнөт менен 2024-жылдын 1-февралынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу токтотулсун.

2. Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды аткаруу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевке тапшырылсын.

3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрайым:

 

Б.М.Калмурзаева