САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
27-сессиясы
2024-жылдын 24-январы № 5
Жайыт пайдалануучулардын 2024-жыл үчүн акы төлөөсү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Кунаевтин сунушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 120-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 25-00 сом;
Жылкыга 120-00 сом;
Кара малга 120-00 сом;
2. Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 400-00 сом;
Кой-эчкиге 120-00 сом;
3. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде 15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
4. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухратка милдеттендирилсин.
6. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |